Жеңиш Разаков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу вице-премьер-министрлик кызматтан кеткенин айтты. Бул тууралуу Разаков “Азаттык” радиосуна берген комментарийде айтты.
“Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек, ошондуктан арыз жаздым. Чек ара меселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жогорку Кеңештин палатасынан да, жалпы жыйынынан да өтүп, түшүндүрүп чыктык. Бул кыйын маселе болгондуктан, жеринде эл менен да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Менимче, чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат. Мен баштаган ишти аягына чыгарыш керек беле же жокпу аны кудай билет. Бирок шартка жараша арыз жазып, иштен кеттим”, - деди Разаков.
Жеңиш Разаковду өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулганы тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-февралда кол койгон.
Вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган Разаковдун ишмердигине карата коомчулукта жана парламентте кескин сындар айтылып келген.
Бир жума мурда экономика тармагын тейлеген дагы бир вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган.
Асрандиев буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган. (MiK)