Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Кабулдагы жардырууда алты киши өлдү


Ооганстандын баш калаасында болгон жардыруу алты кишинин өмүрүн алды. 12 адам жарадар болгонун, алардын бешөө жай тургун экенин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими билдирди.

11-февралда өкмөттүн карамагындагы Маршал Фахим атындагы аскердик академиянын алдында болгон жардырууну жанкечти ишке ашырган. Эртең мененки саат жетилерде, студенттер академияга кирип жаткан маалда болгон кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек.

Бул академияга өткөн жылдын жазында да кол салуу болгон. Аны “Ислам мамлекети” радикал тобу уюштурганын мойнуна алган. Бул Кабулда соңку айларда болгон биринчи чоң кол салуу. Ушул тапта Кошмо Штаттар жана “Талибан” Ооганстанда 20 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG