Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:34

"Bek Air" авиакомпаниясы учагы сүзгөн үйдүн ээсин сотко берди


"Bek Air" авиакомпаниясынын учагы. 2019-жыл, 27-декабрь. Алматы.
"Bek Air" авиакомпаниясынын учагы. 2019-жыл, 27-декабрь. Алматы.

Казакстандын "Bek Air" авиакомпаниясы абамайдандын жанында жайгашкан эки кабаттуу үйдүн ээсин сотко берди. Бул тууралуу Казакстандын "Tengrinews.kz" сайты жазды. Кырсык катталган Талгар районунун акимияты учак сүзгөн үй мыйзамсыз курулганын, аба майдандын жанына үй курууга тыюу салынганын билдиришкен.

Бирок учактын айынан бузулган үйдүн ээси, Алматы шаарынын тургуну Решет Калибек авиакомпания сотко райондук администрацияны бериши керектигин айтууда. Ал жерди райондук акимият бөлүп бергенин, үйдү курууга уруксатты да ушул мекемеден алганын билдирди.

2019-жылдын 27-декабрында Алматы шаарынан алыс эмес жерде "Bek Air" компаниясынын учагы кырсыкка учураган. Учак абага көтөрүлүп баратып, кайра эле тездик менен ылдыйлай баштаган. Бетон дубалды тешип өтүп, жаңы курулуп жаткан эки кабаттуу үйдү сүзүп токтогон. Учакта 93 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан 12 адам каза болуп, 66сы жараат алган. Кырсыктан кийин сөз болуп жаткан үйдүн ээси Решет Калибек "Bek Air" компаниясын сотко берип, 66 миң доллар кенемте сураган.

XS
SM
MD
LG