Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Индиялык актерлор "Жамийланы" сахнага алып чыгышты


"Жамилада" ойногон индиялык артисттер.
"Жамилада" ойногон индиялык артисттер.

Нью-Дели шаарында Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести сахналаштырылды.

Кыргызстандын Индиядагы элчилигинен билдиришкендей, режиссер Плабан Басу койгон спектакль 10-февралда "ShriRam Centreде" элге тартууланды.

Спектаклди Индиядагы "Bharat Rang Mahotsav" деп аталган 21-Эл аралык театр фестивалынын алкагында Калькутта шаарынын театралдык тобу даярдаган. Фестиваль ушул спектакль менен ачылды.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев актердук
курамга ыраазычылык билдирип, аларды Кыргызстанга гастролго барууга чакырды.

XS
SM
MD
LG