Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча балбандары Индияда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 18-23-февраль аралыгында Индиянын Нью-Дели шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан аталган мелдешке жалпы 22 балбан катышат.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова баштаган төрт кыз мелдешке чыгат. Алар Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова, Айсулуу Тыныбекова жана Назира Марсбек кызы.
Грек-рим күрөшүнөн 10 балбан мелдешке аттанат. Алар: Сардар Конушбаев, ага-ини Жоламан менен Тынар Шаршенбеков, Марлен Асакеев, Руслан Царев, Ренат Ильяс уулу, Самат Чороналиев, Азат Салидинов, Бексултан Махмудов жана оор салмакта күрөшкөн Роман Ким.
Эркин күрөштөн Бекболот Мырназар уулу, Улукбек Жолдошбеков, Нургазы Абдуразаков, Ислам Орозбеков, Бекжан Жамбулов, Арсалан Будажапов, Алигажди Гамигаждиев жана Чыңгыз Керимкулов Азия чемпионатына катышат. (GT)