Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:53

Мыкты спортчуларды тандоо үчүн Интернетте сурамжылоо өтүүдө


Кыргызстандын мыкты спортчуларын тандоо багытында өтө турган "Sports Awards-2019" салтанатынын алкагында добуш берүү башталды. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, быйыл улуттук спорт түрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында, спорттун олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча алты багытта жылдын мыкты спортчулары тандалат. Ар бир номинацияга үчтөн талапкер бар.

Андан тышкары “Мыкты команда” жана “Жыл жаңырыгы” номинациялары боюнча да жеңүүчүлөр аныкталып, эстелик сыйлык берилет.

11-февралда башталган добуш берүү 27-февралга чейин уланат. Мыктыларды аныктоо Интернеттеги сурамжылоо жана эксперттик комиссиянын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болот.

Сыйлык тапшыруу кечеси 29-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтөт. Иш-чара быйыл алтынчы жолу өткөрүлөт. (GT)

XS
SM
MD
LG