Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Батукаев иши: Атамбаевге байланыштуу отурум 13-февралда уланат


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишин 11-февралда карады. Атамбаев өзү отурумга катышкан жок. Анын адвокаты Сергей Слесарев "Азаттыкка" билдиргендей, Батукаевди абактан чыгаруу боюнча 2013-жылдагы эксперттик комиссиянын курамындагы дарыгердин көрсөтмөлөрүн укту.

Батукаевдин ишине байланыштуу сот жараяны январдан бери күбөлөрдү угуу менен уланууда. Кийинки отурум 13-февралга белгиленди.

Сот отуруму айыпталуучулардын бири - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG