Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Жээнбеков менен Эрдоган 4-Көчмөндөр оюнуна даярдык тууралуу сүйлөштү


Режеп Тайип Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков.
Режеп Тайип Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган 11-февралда телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттер эки жана көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин жана мамлекеттер арасында буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков түрк мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен быйыл Түркияда өтүүчү 4-Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык маселелерин талкуулашкан.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү 400 миллион долларды түзөт. 2018-жылы бул өлкөдөн 93 миллион доллар инвестиция келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG