Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Тажикстан Ухандан 46 студентти алып келди


11-февралда Кытайда окуган 46 студент «Сомон Эйр» авиакомпаниясы менен учуп келишти. Студенттер, аларды коштоп келген экипаждын мүчөлөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эки апта карантинде кармалат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар Варзоб районундагы «Харангон» санаторийине жайгаштырылат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхамуддин Камолзода буларды айтты:

«Ухандан келген студенттердин арасында коронавируска шектүүлөр табылган жок. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талабына ылайык эки апта карантинде кармалышат».

Тажикстанга Кытайдан бир айдын ичинде 900 адам келген.

Тажик бийлиги 27 чек ара өткөрмө бекетинде дарыгерлерди нөөмөткө коюп, көзөмөлдү күчөттү.

XS
SM
MD
LG