Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:22

30 жыл мурда Нелсон Мандела абактан чыккан


Нельсон Мандела
Нельсон Мандела

30 жыл мурда 11-февралда өмүрүн апартеидге каршы күрөшкө арнаган Нелсон Мандела абактан чыккан. Ал 27 жыл саясий көз караштары үчүн түрмөдө жаткан. Анын ичинде 17 жыл Роббен деген аралда өтө коркунучтуу деген кылмышкерлердин арасында отурган. Ал өз мекени Түштүк Африкадагы ак түстүү колонизаторлордун үстөмдүгүн жок кылуу, каралардын укугун коргоо, апартеид деп аталган саясий системаны жоюуну жактаганы үчүн камалган. Мандела түрмөдө жаткан маалда Лондон университетин сырттан окуп бүтүрүп, юридикалык билимге ээ болгон.

Боштондукка чыккандан кийин 1994-жылкы шайлоодо биринчи кара түстүү президент болуп шайланган. Ал бир мөөнөт кызматта туруп, улуттук жана эл аралык элдешүү ишмердүүлүгү үчүн дүйнөнүн урмат-сыйына татыды.

Түштүк Африка Республикасынын президенти, Нобель сыйлыгынын лауреаты Нелсон Мандела 2013-жылы 95 жашында дүйнө салган.


XS
SM
MD
LG