12-февралда Бишкекте "Журналисттик иликтөөлөр фонду" уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Сыйлык быйыл журналисттик мыкты иликтөөлөргө экинчи ирет берилүүдө.
Сыйлык ыйгаруу аземи «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форумдун алкагында өтөт. Анда "Журналист-иликтөөчүлөрдүн глобалдык тармагынын" аймактык редактору (Украина) Ольга Симонович тажрыйбасы менен бөлүшөт.
"Журналисттик иликтөөлөр фонду" 2018-жыл үчүн башкы сыйлыкты «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковго ыйгарып, аны былтыр 12-февралда тапшырган. Жеңүүчүлөрдү фонд көз карандысыз комиссиянын тандоосунун негизинде аныктайт.
Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөөчү журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.
Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө - 12-февралда тапшырылат.
11-февралда Бишкектеги Улуттук китепканада Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өткөн. Аны "Улан Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурду.
Кечеге Эгизбаевдин ата-энеси, жакындары, кесиптештери жана активист жаштар катышып, Уланбектин эмгектери кийинки жаштарга үлгү болоорун белгилешти.
Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак.
Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.(TSh/ZKo)