Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:18

Назарбаев Кордайдагы окуя боюнча пикирин билдирди


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 11-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кордойдогу окуя боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди.

«Болуп өткөн окуя менин тынчымды алууда. 30 жыл аралыгында биз оор күндөрдү баштан өткөрдүк. Казакстанда 130 ишкана жабылып, 2,5 миллион адам жумушсуз калган. Азык-түлүк тартыш болуп, үйлөргө жылуулук берилбей калган. Бул кыйынчылыктардын баарын бирге жеңдик. Ал кезде биздин көп улуттуу калкыбыз биригип, туруктуулукту камсыз кылбаганда, бүгүн биздин өлкөгө чет өлкөлүк инвесторлор келмек эмес. Казакстан элинин ассамблеясы жана анын аймактардагы өкүлчүлүктөрү мындай учурлардын алдын алышы керек. Бул биздин жалпыбыздын ишибиз», - деди Назарбаев.

Жамбыл облусунун жаңы дайындалган губернатору Бердибек Сапарбаев 9-10-февраль күндөрү Кыргызстандан Казакстанга 8000ден ашуун дунган улутундагылар кайтканын билдирген.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. 30дан ашык турак жай, 15 соода түйүнү, 23 машине талкаланган же өрттөнгөн.

Тополоң чыккан бул айылдар Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Зомбулуктан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. 11-февралда Жамбыл облусунун губернатору Бердибек Сапарбаев акыркы эки күн ичинде Кыргызстандан 8000ге жакын дунган улутундагылар кайтып келгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG