Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

АКШда мыйзамсыз мунай сатуу үчүн шектүү 5 киши камалды


Ирандын мунай ташыган танкери. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандын мунай ташыган танкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Алар Ирандын санкцияланган мунайын Кытайдагы мунай иштетүүчү заводго сатууну көздөшкөн деп шек саналууда. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, алардын төртөө Техаста, бирөө Нью-Йоркто туруп, 2019-жылдын июль айынан быйылкы февралга чейин мунайды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүрүшкөн.

Николас Хован (33 жашта), Жеймс Фукс (26 жашта), Роберт Туэйтс (30 жашта) жана Даниэл Рэй Лейн (38 жашта) ич ара сүйлөшүү менен Филаделфия жана башка жерлерден мунай сатып алып, аны 39 жаштагы Женю Ван деген жаранга сатып жүрүшкөн.

Мындан түшкөн акчаны Лейндин ишканасы аркылуу адалдамак болушкан. Лейн - «STACK Royalties» компаниясынын президенти. Ишкана Техаста жайгашып, мунай жана газ иштетүү лицензиясын сатуу менен алектенет.

XS
SM
MD
LG