Башкы прокуратура «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын кабарчысы Галина Терещуктун автоунаасын өрттөөгө буйрутма берген деген негизде полициянын майорун сырттан айыптап, ага издөө жарыялады. Львов облусунун прокурору Ирина Диденко бул ишке катышы бар адам катары 43 жаштагы офицер шек саналып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, офицер журналисттин машинесин өрттөөгө буйрутма берип, аны аткарган кишиге акча төлөп берген.
Мурдараак полиция бул ишке шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 48 жаштагы жаранды кармаган.
Эки шектүү тең айыбы далилденсе мүлктү атайылап жок кылганы үчүн соттолот. Бул үчүн Украина мыйзамдарында 6 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууу каралган.
«Азаттыктын» украин кызматынын кабарчысы Галина Терещук машинесинин өрттөлүшүн кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.