Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Вице-премьер-министрлик кызматка Мадумаровдун талапкерлиги көрсөтүлдү


Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк вице-премьер-министрлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев тастыктады. Өкмөт башчы көрсөткөн Мадумаровдун талапкерлиги жалпы жыйында качан каралаары азырынча белгисиз.

Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2019-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.

Жеңиш Разаковду өз арызына ылайык вице-премьер-министрлик кызматтан бошотуу жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-февралда кол койгон. Разаков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу вице-премьер-министрлик кызматтан кеткенин айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG