Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

УКМК: Интернетте «халифат» түзүүгө чакырган жаран кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынан «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун жигердүү мүчөсү кармалганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматы боюнча шектүү Интернет аркылуу «халифат» түзүүгө чакырган. Кармалган кишинин жашаган жерин тинтүү учурунда андан экстремисттик багыттагы материалдар табылган.

Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, шектүү №1 тергөө абагына камалды. Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

2003-жылы соттун чечими менен «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюм деп таанылган жана анын өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG