Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

Жалал-Абаддагы медиа борборго жаңы жетекчи дайындалды


Жалал-Абад облустук медиа борборунун эмгек жамааты. 12-февраль, 2020-жыл.
Жалал-Абад облустук медиа борборунун эмгек жамааты. 12-февраль, 2020-жыл.

Маданият, маалымат жана туризм министринин буйругуна ылайык Тургунбай Алдакулов Жалал-Абад облустук медиа борборунун директору болуп дайылдалды. Борбордун жамаатына жаңы дайындалган жетекчини өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков тааныштырды.

«Министрдин дайындоо жөнүндө буйругу 10-февралда чыккан. Алдакулов директорлук кызматка эмгек келишиминин негизинде дайындалды», - деди Ызабеков.

42 жаштагы Тургунбай Алдакулов буга чейин 2016-2018-жылдары ушул облустун телеканалында жетекчи болуп иштеген.

Өткөн жылдын этегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында турган райондук гезиттер жоюлуп, облустук телеканалдардын базасында медиа борборлор уюштурулган. Быйыл жыл башынан тартып медиа борбордун директорлорун тандоого министрлик сынак жарыялаган. Буга чейин Чүй, Талас, Баткен облустарында жетекчилер тандалып алынган.

Журналист Анархан Жаңыбаева «Фейсбук» баракчасына Жалал-Абаддагы медиа борбордун жетекчисин тандоо туура эмес болгонун жарыялап, укук коргоо органдарына кайрылды. Анын көз карашында, бул кызмат орду үчүн жарыяланган конкурска катышпаган адамдын сырттан дайындалышы туура эмес. Министрлик бул багытта маалымат бере элек.

Жалал-Абад облустук медиа борборунда 80ден ашык кызматкер эмгектенет. Борбордун карамагында телеканал жана эки облустук гезит бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG