Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Коомдук уюм президентти Алмаматовду бошоткон сотторго чара көрүүгө чакырды


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

«Коомдук талдоо институту» Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду бошоткон судьяларга карата чара көрүү тууралуу өтүнүч менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Аталган уюм өз кайрылуусунда Алмаматовго карата чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларына карата Тартип комиссиясы сөгүш гана бергенине нааразылыгын билдирген.

«2020-жылдын 24-январында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы сиздин сөзүңүздөн соң коррупционердин эркиндикке чыгып, сот жазасынан качып кетишине жардам берген Бишкек шаардык сотунун судьялары Момуналиев А. Ж., Кожомбердиев Н. К., Карабеков А. М жазага тартылат деген ишеним жараткан. Бирок практика көрсөткөндөй, сот бийлиги жана жергиликтүү органдар өздөрү таза эмес жана тазаланууга даяр эмес экен. Муну Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими далилдеди», деп айтылган кайрылууда.

Институт Алмаматовго карата чечим чыгарган соттор бир катар мыйзам бузганын белгилеген. Уюм буга байланыштуу акыркы кырдаал бул ишке президенттин айланасындагы адамдар аралышы мүмкүн деген күмөн ойлорду күчөтүп, бийлик органдарына карата ишенимди төмөндөтүп жатканын билдирген.

Буга байланыштуу «Коомдук талдоо институту» Сооронбай Жээнбековду бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, күнөөкөрлөрдү жазага тартуу жөнүндө Башкы прокуратурага буйрук берүүгө чакырган.

Алмаматовду Октябрь райондук соту коррупция үчүн 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту кийин ал өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Бул маалымат үч айдан кийин ачыкка чыккан соң коомдо нааразылык жаралып, Жогорку сот Алмаматовго карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бирок ал учурда Алмаматов изин жашырып кеткени дайын болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында Алмаматовдун эркиндикке чыгып, андан ары качып кеткенин айтып, «буга судьялар менен прокурорлор аралашкан» деп Жогорку соттун төрагасы менен башкы прокурорду тилдеген.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин шаардык сотто Алмаматовдун иши каралып жатканда мамлекеттик айыптоо тараптан катышкан прокурор Белек Рыскулов кызматтан алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG