Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Жээнбеков: Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар ишкерликти өнүктүрбөй жатат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков курулуш тармагындагы тоскоолдуктар ишкерликти өнүктүрбөй жатканын айтты. Мындай пикирин ал 12-февралда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдирди.

Ал өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин ишине нааразы болду.​

«Өзүңөрдүн чөнтөгүңөрдү толтуруу маселесин чечип отурасыңар. Ошондуктан иш артка кетип жатат. Мына сен (ред. Абдиев), 2017-жылы кызматка келгенден бери эмне иш кылдың? Колуңдан келбесе кызматтан кет да! Элди, ишкерлерди кыйнап отурасың», - деди Жээнбеков.

Жээнбеков мисал катары 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашууларды өткөрүш керек экенин айтты.

Мындан тышкары президент ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча «Дуинг бизнес» рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткенин айтып, төрт эле жылда 70 позицияга начарлаганын белгиледи. (MiK)

XS
SM
MD
LG