Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Беларустун «Динамо-Минск» клубу Кичин менен келишимди токтотту


Валерий Кичин.
Валерий Кичин.

Беларустун «Динамо-Минск» футбол клубу Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин менен келишимди токтотту. Бул тууралуу 12-февралда клубдун сайтында жарыяланды.  

Маалыматта «Динамо-Минск» Валерий Кичинге кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, карьерасына ийгилик каалаган. Аягында Беларустун командасын колдогон кыргызстандыктарга «Чоң рахмат!» деп кыргыз тилинде ыраазычылык билдирилген. 

27 жаштагы Кичин «Динамо-Минск» менен 2019-жылдын июль айында келишим түзгөн болчу.  Андан бери коргоочу катары 13 оюнга катышты. (SE)

 

XS
SM
MD
LG