Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болуп дайындалды


Акрам Мадумаров.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 12-февралда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Акрам Мадумаровду вице-премьер-министрлик кызматка бекитүүнү Жогорку Кеңеш 12-февралдагы отурумунда колдоп берген.

Мадумаров 2019-жылдын апрелинен тартып өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып, жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-февралда кол койгон.

Бир жума мурда экономика тармагын тейлеген дагы бир вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG