Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Орус илимпоздору «Сеттин» соттолгон мүчөлөрүн колдоп чыгышты


«Сеть» тобунун мүчөлөрү сотто. 10-февраль, 2020-жыл.
«Сеть» тобунун мүчөлөрү сотто. 10-февраль, 2020-жыл.

Орусиялык окумуштуулар жана илимий темада жазган журналисттер «Сеть» тобунун соттолгон мүчөлөрүн колдоп, ачык кат жарыялашты. Кат Орус илимдер академиясынын Өзөктүк иликтөөлөр институтунун илимий кызматкери Борис Штерндин «Фейсбуктагы» баракчасына чыкты.

Катта илимпоздор соттун өкүмүнө нааразы болуп турушканы айтылат. «"Сеттин иши тууралуу биз билгендин баары анын жасалма экенин көрсөтөт. Эч бир мыйзамга сыйбаган өкүм - биздин өлкөнүн сот системасы тушалып калганынын далили» - деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле авторлор Пенза сотунун солчул активисттерге чыгарган өкүмүн «Орусиянын мамлекеттүүлүгүнүн негиздерине катуу сокку ура турган террордук акт» деп аташкан.

Кат ээлери өкүмдү тезинен жокко чыгарып, иш кантип бурмаланганын иликтөөгө үндөп жатышат. «Өз жарандарына каршы террор биздин өлкөнүн алгылыктуу өнүгүшүнө бөгөт болуп, анын илимин, маданиятын жана билим берүүсүн жок кылат» деп жазышкан алар.

Кат жарыяланып жатканда 44 киши кол койгон. Анын ичинде Орус илимдер академиясынын эки академиги жана алты мүчө-корреспондент бар.

10-февралда Пензанын соту террористтик деп табылган «Сеть» тобунун мүчөлөрүн 18 жылга чейин эркинен ажыраткан. Айыпталгандар кысым алдында күнөөсүн мойнуна алышканын айтышкан.

«Мемориал» укук коргоо уюму «Сеть» иши боюнча айыпталгандарды «саясий туткундардын» тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG