Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Кадыровдун жээни Чеченстандын Коопсуздук кеңешин жетектейт


Хамзат Кадыров. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Хамзат Кадыров. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 23 жаштагы жээни Хамзат Кадыров республиканын Коопсуздук кеңешинин башчылыгына дайындалды. Ал буга чейин Курчалоев районун башкарып турган. Бул тууралуу Рамзан Кадыровдун аталаш тууганы, Шалин районунун акими Турпал-Али Ибрагимов «Инстаграмдагы» баракчасына жазган. Маалымат «Кавказ реалии» сайтына чыккандан кийин Турпал-Али Ибрагимов «Инстаграмдагы» билдирүүсүн өчүрүп салган.

Чеченстан бийлигинин басма сөз кызматы жаңы дайындоо тууралуу маалыматты тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.

23 жаштагы Хамзат Кадыров Чечен университетинин мамлекеттик башкаруу факультетин бүтүргөн. Ал 2018-жылдын июнунан тартып Курчалоев районун жетектеген.

Чечен Республикасынын лидеринин башка да туугандары мамлекеттик кызматта турушат. Кадыровдун карындашы Зулай Кадырова (Закриева) - республиканын лидеринин жардамчысы. Кадыровдун дагы бир карындашы Зарган Кадырова (Черхигова) - президенттин мектепке чейинки билим берүү боюнча жардамчысы. Кадыровдун аялы Медни - Кадыров атындагы коомдук фонддун вице-президенти. Кадыровдун аталаш тууганы Хас-Магомед Кадыров - Аргун шаарынын башчысы, Кадыровдун аталаш тууганы Идрис Байсултанов - билим берүү жана илим министри. Кадыровдун дагы бир жээни Ибрагим (Якуб) Закриев - Грозный шаарынын мэри. Дагы бир жээни Идрис Черхигов - Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы. Кадыровдун дагы бир карындашынын күйөөсү Рамзан Черхигов - Чеченстандын транспорт министри. Кадыровдун дагы бир күйөө баласы Салман Закриев - чечен парламентинин төрагасынын орун басары. Кадыровдун күйөө баласы Висхан Мацуев - Чеченстандын миграция башкармалыгынын башчысы. Кадыровдун дагы бир тууганынын күйөөсү Иса Тумхажиев - чечен өкмөт башчысынын орун басары.

XS
SM
MD
LG