Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

«Фейсбук» Ирандагы жана Орусиядагы шектүү баракчаларды жапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-февралда «Фейсбук» Орусия менен Иранда түзүлгөн, бири-бирине байланышпаган эки тармакты (аккаунттар, барактар жана топтор) жапты. Бул тармактар чет элдик чалгын кызматтары менен кандайдыр байланышы бар деген шек туудурган.

«Фейсбук» компаниясынын коопсуздук саясаты боюнча жетекчиси Натаниэл Глейхер эки тармактын иштөө тартиби «координацияланганын» жана «жалган аккаунттарга» жамынып алып, «өкмөттүн же чет элдик тараптын» атынан билдирүү таратканын айтты.

Орусиялык тармак негизинен Украинаны жана анын коңшу өлкөлөрүн бутага алса, Ирандыкы Кошмо Штаттарга каршы багытталган.

Бул топтор менен баракчаларды түзгөндөр «алдын-ала макулдашып, жалган аккаунттарды пайдаланганы бизди ушундай чечим кабыл алууга түрттү», деди Глейхер.

Жалпысынан 78 аккаунт, 11 баракча, 29 топ жана Орусияда түзүлгөн «Инстаграмдагы» төрт аккаунт жабылды. «Фейсбуктун» иликтөөсү «Орусиядагы аккаунттардын аскердик чалгын кызматтары» менен байланышын көрсөткөн. Алардын артында тургандар өздөрүн жарандык журналисттер катары көрсөтүп, аймактагы саясатчылар, журналисттер жана башка коомдук ишмерлер менен байланышууга аракеттенишкен.

XS
SM
MD
LG