Башкы штаб жетекчисинин Орусия менен аскердик кызматташуу боюнча орун басары Нурлан Кирешеевдин мындай комментарийин 12-февралда штабдын басма сөз кызматы таратты.
Анда Канттагы аскердик базага Орусиянын аба соккусунан коргонуучу техника орнотуу мүдөөсүнүн себептери тууралуу айтылган. Кирешеев аскердик базага орнотулганы жаткан техниканы, учкучсуз учактарды алып келүү жана аэродромдогу учуп-конуу тилкелерин оңдоо иштери аймактын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чаралар экенин билдирген.
«Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучу, Борбор Азиядагы башка коопсуздук маселелери бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылат. Кыргызстан геосаясий жайгашуусу жагынан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун маанилүү мүчөсү. Ошондой эле Канттагы Орусиянын аскердик базасы да Борбор Азиянын коопсуздугун камсыз кылууда башкы орунда турат», - деп айтылган маалыматта.
Кирешеев мындан тышкары Канттагы аскердик базаны техникалык жактан күчтөндүрүү 2019-жылы жазында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы иш сапарында эки тараптуу кол коюлган «Бирдиктүү орус аскер базасы боюнча макулдашуунун» алкагында жүрүп жатканын белгилеген.
12-февралда айрым маалымат каражаттары Орусиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков Мамлекеттик Думанын жыйынында «Москва Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасына аба соккуларынан коргой турган техника орнотууну көздөп жатат» деп билдиргенин жазып чыгышкан.
Президент Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган.
Протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген.
Орус тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуш үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөмөй болгон. Мурда бул сумма 4,5 миллион долларга жакын болгон.
Кыргызстанда Орусиянын төрт аскер объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза.(ZKo)