Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:37

Гаага учак кырсыгына шектүүлөрдү Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тартты


Кыйраган учак.
Кыйраган учак.

Нидерланддар 2014-жылы «Malaysia Airlines» компаниясына таандык жүргүнчү учагын аткан деп шек саналгандарды Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тартты.

Кыйроодо учактагы 298 киши набыт болгон. Нидерланддын юстиция министри Ферд Грапперхаус 12-февралда билдиргендей, Москва үч шектүүнү өткөрүп берүүнү суранып, былтыр октябрда кайрылган.

Малайзиянын Амстредам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөн. Бул учурда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер өкмөттүк аскерлерге каршы согушуп жаткан.

Нидерланддар жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу учактын кыйрашына байланыштуу Орусиянын үч, Украинанын бир жаранына айып койгон. Бул окуя боюнча Гаагада сот быйыл мартта башталат.

XS
SM
MD
LG