Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

Кыргыз дипломаты менен түрк элчисинин соттук иши уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-февралда Биринчи май райондук соту мурдагы дипломат Аскар Айтматовдун Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка каршы доо арызын кароону улантты. Сотко Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышкан жок, алардын жүйөлүү себептери жазылган катты адвокат судьяга тапшырды.

Иштин жүрүшүндө адвокат доогер Аскар Айтматов элчиликтин сайтына Женгиз Фыраттын өз дарегине айткан сөздөрүн жокко чыгаруусун жайгаштыруу талабынан баш тартканын билдирди.

Адвокаттын айтымында Айтматов элчинин өзүнүн дарегине карата айткан сөздөрү ар-намысына доо кетирген деп таанууну талап кылуусун улантат. Мындан тышкары ал элчи Айтматовду ФЕТОчу деп ушактап каралаган сөздөрү Интернетте дагы эле тарап жатканын белгилеген.

Кийинки соттук териштирүү 2-мартта уланат. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгат.

Аскар Айтматов түрк элчиси аны ушактап, каралап жатканын жазып, 2019-жылдын 20-июнда интернет-басылмалар аркылуу ачык кат жарыялаган жана 10 күндүн ичинде кечирим сурабаса, «мыйзамдуу кадамдарга бара турганын» айткан.

Ага чейин түрк элчилиги «ФЕТО менен кызматташып, экинчи жагынан Түркия менен кызматташуу мүмкүн эмес. Эки жолдун бири тандалышы керек» деген таризде билдирүү тараткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыраттын аракеттерине байланыштуу Түркияга нота тапшырган. Анда министрлик элчини Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө жана өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого чакырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG