Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Бишкекте ишкерлик инновацияларды өнүктүрүүчү борбор ачылат


Кыргызстандагы тигүү цехи. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы тигүү цехи. Иллюстрациялык сүрөт.

ПИК деп аталган ишкерлик инновацияны өнүктүрүү борбору Британ элчилигинин көмөгү менен ачылууда. Борбор ишкерлик инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында иштейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» борбордун жетекчиси Искендер Шаршеев билдирди:

«Биздин максатыбыз - ишин жаңыдан баштап келе жаткан ишкерлерди колдоо. Аларга чет өлкөлөрдөн атайын эксперттерди, менторлорду чакырып, атайын окууларды өткөрөбүз. Мындан тышкары, биздин ишкерлерге дүйнөлүк базарларга чыгуунун жолдорун, сырттан инвестор табууну үйрөтөбүз».

Долбоорду Кыргызстанда «DAI Europe» деген уюм ишке ашырууда. ПИК борбору жаштарга, аялдарга, майыптарга ишкерлик кылуунун жол-жоболорун үйрөтмөкчү.

Бүгүнкү иш-чарага Британиянын элчиси, Кыргызстандын расмий өкүлдөрү жана ишкерлер чакырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG