Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

Майыптардын укуктарын коргоого арналган сайт ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Empower.kg аттуу сайт Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары тууралуу маалымат берет. Сайттын демилгечиси - 1-топтогу майып, Бишкектеги Юридикалык академиянын студенти Уланбек Абакиров. Ал мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга сайт аркылуу онлайн консультация берет. Сайт «Программалоо - майыптардын укуктарын коргоонун ачкычы» деген долбоордун алкагында ачылып жатканын «Азаттыкка» долбоордун координатору Азамат Кыдыралиев билдирди:

«Былтыр Кыргызстан Майыптар тууралуу конвенцияны ратификациялаган. Ошондуктан биз бул сайтты түзүп, ага мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары тууралуу маалыматтарды жайгаштырдык. Онлайн кеңеш берген юрист өзү да 1-топтогу майып, ал Кыргызстанда майыптардын укугу кантип басмырланарын өз башынан өткөргөн. Биздин максат - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо».

Сайттын демилгечилери да, авторлору да студенттер. Сайттын ачылышына арналган иш-чара 13-февралда, Бишкекте өтөт.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 300 миңден ашуун майып бар. Анын он пайыздан ашууну балдар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG