Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган шаарларга элди убактылуу каттоо боюнча айтылып жаткан маалыматтарды талкуулады.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, талкууда убактылуу каттоонун түрдүү өңүттөрү айтылган.
«Токмокто кошумча каттоо күздөн бери эле башталган экен. Ошто кыска убакта 30 миң адам каттоого коюлуптур. Кечээ биздин жыйында бул боюнча кайчы пикирлер чыкты. Айрым мүчөлөрүбүз деле жалпы каттоо башталганына жана биометрикалык маалымат чогултуу боюнча да айыл өкмөттөргө, жергиликтүү бийликке тапшырма берилгенин эске алып, ошого байланыштуу катталып жатышы мүмкүн экенин айтып чыгышты», - деди Абдрахматова.
БШКнын 12-февралдагы жыйынына Башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү да катышып, кошумча каттоо боюнча маалыматтарды иликтөөгө убада беришкен.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.
Ушул күндөрү Ош, Каракол, Токмок шаарларына миңдеген жарандар убактылуу каттоого туруп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирген.
БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын куруу боюнча демилге көтөргөн. (ZKo)