Шайлоого 60 күн калганда добуш берүүчүлөрдүн санын аныктап, Борбордук шайлоо комиссиянын сайтына жайгаштыруу боюнча эреже сакталган жок. 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө 60 күндөн аз убакыт калды.
Бул маселени Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев көтөрдү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзам бузулганын моюнга алып, кечигүүнүн себебин Мамлекеттик каттоо кызматындагы тактоо иштери аягына чыга элек болуп жатканына байланыштырды.
Бокоев муну жергиликтүү шайлоолордун алдында жарандарды башка шаарларга каттоого тургузуу иштери менен байланыштырып, атайын жасалып жаткан схема катары баалады жана өкмөттүн жоопкерчилигин кароого чакырды.
Ушул күндөрү Ош, Каракол, Токмок шаарларына миңдеген жарандар убактылуу каттоого туруп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү парламентте билдиргендей, 2020-жылдын 1-январынан 11-февралга чейин Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.
БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан.
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт. (SE)