Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы деген аталыш жоюлуп, Кыргыз футбол бирикмеси түзүлдү.
Мындай чечим Футбол федерациясынын 2019-жылдын 14-ноябрындагы кезексиз жыйынында кабыл алынып, уюм 2020-жылдын 1-январынан тартып жаңы аталышка өткөн. Бул тууралуу расмий маалымат 13-февралда жарыяланды.
Түшүндүрмөгө ылайык, мындай өзгөрүү ишмердикти Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) талаптарына ылайык келтирүү максатын көздөйт.
Кыргыз футбол бирикмеси Эл аралык футбол федерациясынын жана Азия футбол конфедерациясынын Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө жооптуу жалгыз, толук укуктуу мүчөсү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Кыргызстандын башкы футбол органы катары 1992-жылдын 25-февралында түзүлгөн.
1994-жылы Эл аралык футбол федерациясынын жана Азия футбол конфедерациясынын толук укуктуу мүчөсү болгон. (SE)