Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Беларус мамлекеттик гербин өзгөртүүгө киришти


Беларустун гербинин жаңы сунушталган версиясы оң жакта турат.
Беларустун гербинин жаңы сунушталган версиясы оң жакта турат.

Беларуста мамлекеттик гербди өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Беларустун юстиция министри Олег Слижевский ТАСС маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр Беларустун гербин «мамлекеттин тынчтыкты сүйгөн мүнөзүнө» шайкеш келтирүүнү максат кылат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Беларус кызматы маалымдагандай, негизги өзгөрүүлөрдүн бири гербдин төмөнкү жагындагы глобуска байланыштуу.

Азыркы гербде глобустун көп бөлүгүн Орусия жана Финляндия сыяктуу Скандинавия мамлекеттери ээлеп турат. Жаңы версияда Беларус глобустун ортосунда болуп, Европа өлкөлөрүнүн карталарына көбүрөөк орун берилет.

Парламент мыйзам долбоорун жактыргандан кийин мамлекеттик символика кайсы мөөнөт ичинде өзгөрөрүн аныктайт. Беларустун азыркы мамлекеттик желеги менен герби 1995-жылдын май айында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG