АКШнын Сенаты президент Дональд Трамптын Иранга аскердик чара көрүү мүмкүнчүлүгүн чектеген резолюцияны кабыл алды.
13-февралда кабыл алынган резолюция боюнча, президент Трамп Конгресстин макулдугусуз Иранга карата аскердик чабуулдарын жүргүзүүгө укугу жок. Сенатта документти 47 демократтын катарында республикачыл 8 сенатор да колдоду. «Америка үнү» радиосу «резолюция үчүн добуш берген республикачылар өз партиясынан чыккан президентке каршы чыгышты» деп билдирди.
Президент Трамп «Твиттердеги» баракчасына Сенатты резолюцияга каршы добуш берүүгө үндөгөн.
Мыйзамдык күчү жок бул резолюция президент Трампты Иран менен карама-каршылыктарга аралашкан америкалык аскерлерди аймактан чыгарып кетүүгө үндөйт. Ошондой эле президентти аскердик күчтөрдү колдонордон мурда Конгресстен уруксат алууга чакырат.
Бирок Трамп менен анын тарапкерлери мындай документ Иранды жана башка каршылаштарды шыктандырып коёрун эскертишти. Өткөн айда Конгресстин демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр Палатасы да ушуга окшош эле резолюцияны кабыл алган.
Буга президент Трамптын январь айынын башында Ирандын таасирдүү командири Касем Сулейманини өлтүрүүгө буйрук бергени негиз катары көрсөтүлгөн. Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин Тегеран АКШнын Ирактагы эки базасына сокку уруп, андан 100дөн ашуун аскер жабыркаган.