Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Өзбекстандын Коргоо министрлиги Орусиядан төрт аскердик тик учак алды


Mi-35 үлгүсүндөгү аскердик тик учак.
Mi-35 үлгүсүндөгү аскердик тик учак.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги Орусиядан Ми-35М үлгүсүндөгү төрт аскердик тик учак алды. Бул тууралуу «Ташкент жаңылыктары» «Telegram» каналы кабарлады.

Буга чейин Орусиянын «Новая газета» басылмасы 2019-жылдын төртүнчү кварталында Өзбекстанга төрт Ми-35М тик учагы, 2020-жылы сегиз тик учак жеткирилерин жазган.

Транспорттук-аскердик тик учак заманбап курал-жарактар менен жабдылган жана аба ырайынын түрдүү шартында күнү-түнү согуштук милдеттерди аткара билет. Ми-35М учагынын маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири - ал жүк кабинасында адамдар менен аскер жабдыктарын ташый алат.

XS
SM
MD
LG