Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Жогорку сот жапон жаранынын арызы боюнча ишти кайра кароого жиберди


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Жогорку сот Кыргызстандын жараны Элнура Эмилкановага тиешелүү кылмыш ишин кайра териштирүүгө Биринчи май райондук сотуна жиберди. Муну Жогорку сот жапон жараны тарткан чыгымдар, кылмыштын коом үчүн коркунучу, айыпталуучунун таржымалы өндүү жагдайларга юридикалык жетиштүү баа берилген эмес деп негиздеген.

«Empower Blind People» коомдук уюмунун ошол кездеги жетекчиси Эмилкановага байланышкан соттук териштирүү 2016-жылдан бери уланып келе жатат. Буга көзү азиз жапон жараны Масахико Таксучинин Бишкекте реабилитациялык борбор үчүн батир сатып алууга берген ири суммадагы каражатын Эмилканова алдап кетти деген доомат негиз болгон. Мындай арыз менен жергиликтүү укук коргоо органдарына JICA уюмунун мурдагы ыктыярчысы, Масахико Таксучинин жердеши Шинжи Матсуда кайрылган. Элнура Эмилканова жапон жаранын «жалаа жаап жатат» деп, кайчы арыз жазган.

Былтыр сот Элмира Эмилканованы үч жылдык сыноо менен беш жылга шарттуу кесип, 95,9 миң доллар чыгымды жабырлануучуга төлөп берүүнү милдеттендирген. Мындай сот чечимдерине бардык тараптар нааразы болуп, Жогорку сотко кайрылышкан.

Бул соттук териштирүү президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө турганы мурда кабарланган. Ага чейин жапон жараны президентке кайрылган.

XS
SM
MD
LG