14-февралда кезектеги Мүнхен конференциясы башталды. 35 өлкөдөн президенттер, өкмөт башчылар, дипломаттар, коопсуздук боюнча эксперттер дүйнөнүн бир топ жеринде чыңалуу күчөп, куралдуу жаңжалдар уланып жаткан кезде чогулуп жатышат. Жыйынга Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Кытайдын жана Ирандын тышкы иштер министрлери Ваң И менен Мохаммад Жавад Зариф жаша башкалар катышмакчы.
Байкоочулар Мүнхен конференциясы буга чейин да оңой эмес учурларда өткөрүлүп келгенин айтып, бул ирет Иран саясатынан улам келип чыккан пикир келишпестиктер өкүм сүргөн, АКШ президенти Европадагы өнөктөштөрдү коргонууга кеткен чыгымдарды бөлүшүүгө үндөп жаткан кезге туш болгонун белгилешет. Конференциянын төрагасы Вольфганг Ишингер жыйын алдында билдиргендей, согуш жүрүп жаткан Сирия менен Ливиядагы кырдаалга көбүрөк көңүл бурулмакчы.
Иш-чарага каршы чыккандар демонстрация өткөрүшү мүмкүн экени кабарланууда. Конференция өтчү жайдын айланасын полициянын кошумча күчтөрү кайтарып турмакчы.