Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Абылгазиев катышкан жыйынга КТРКдан башка журналисттер киргизилген жок


Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратына кире албай жаткан журналисттер. 14-февраль, 2020-жыл.
Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратына кире албай жаткан журналисттер. 14-февраль, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өтүп жаткан жыйынга Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» каналынын журналисттеринен башка медиа каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Буга чейин облустук администрация тарабынан жыйынга катышуучу журналисттердин аты-жөнү алдын-ала такталып, өкмөттүн аппаратына сунушталган болчу. Өкмөттүн басма сөз кызматы муну аймактарда өтүүчү катардагы жыйындардын бири деп, катталган журналисттердин кирбей калуу себебин түшүндүргөн жок.

Маалым болгондой, премьер-министрдин катышуусунда Жалал-Абад облусунда былтыр аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып жатат. Ага алдын-ала чакырылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тизме менен киргизилди. (RsK)

XS
SM
MD
LG