Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Пакистан өкмөтү социалдык медианы чектеген жобону жактырды


Маалымат каражаттарын чектөөгө каршы акция. Исламабад, 6-декабрь, 2019-жыл.
Маалымат каражаттарын чектөөгө каршы акция. Исламабад, 6-декабрь, 2019-жыл.

Пакистан өкмөтү социалдык медианын мазмунун тескеген жаңы жоболорду жактырганы белгилүү болду. Федералдык кабинет коомдук талкуусуз эле жаңы эрежелерди янардын аягында кабыл алганы 13-февралда ачыкка чыкты. Эми социалдык медиа компаниялар терроризм, экстремизм, жек көрүүчүлүк, жалган маалымат, зомбулукка шыкактаган, улуттук коопсуздукка көлөкө түшүргөн чакырыктар камтылган видеолорду түз көрсөтүнүн алдын алууга тийиш. Оппозиция премьер-министр Имран Хандын өкмөтүн «маалымат каражаттарын цензуралап, башкача көз караштагылардын үнүн басууга аракет кылып жатат» деп айыптап келатат. Армия жетекчилерине да «сөз эркиндигин чектеп жатышат» деген доомат артылууда.

Жаңы жобого ылайык, социалдык медиа компаниялар 3 айдын ичинде Пакистан бийлигинин каттоосунан өтүүгө, даттанууларга жооп берип туруш үчүн өлкөдө кеңсеси болууга тийиш. Мыйзамды бузду деп табылган видеолор 24 сааттын ичинде алынып салынышы керек.

Талаптарга жооп бербеген компаниялар 500 миллион рупийге чейин (3,24 миллион доллар) айыпка жыгылат.

Оппозициядагы Пакистан элдик партиясы жаңы эрежелерди парламентте жана сотто талашарын айтууда.

«Кабарчыларды коргоо комитети» эл аралык уюму Исламабадды мындай жоболорду киргизүүнүн алдында мыйзам чыгаруучулар, жарандык коом, маалымат каражаттардын өкүлдөрү менен акылдашууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG