Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Баткенде чек ара маселесин көтөрүп жүргөн депутат камалды


Сапарали Бөрүбаев.
Сапарали Бөрүбаев.

Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаты, «Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин камалышын бирикменин мүчөлөрү анын ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат.

«"Мушташты" деген - жалган жалаа. Жергиликтүү кеңештин башка депутаты арыз жазып койгон экен. Чагым кылып, анан айтышып кетишкен экен. Мындайча айтканда буйрутма болуп жатат», - деди «Чек ара» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Гүлжигит Исаков.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Сапарали Бөрүбаев 14-февраль күнү Жазык кодексинин 266-беренесинин («Ээнбаштык») негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин, ээнбаштык фактысы менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, «12-февраль күнү саат 19.00 чамасында эч бир себепсиз сөгүп, сабады» деп, Сапарали Бөрүбаевге каршы Катраң айылынын 47 жаштагы тургуну арыз жазган. Арыз ээсинин жараатын аныкташ үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, Лейлек аймактык ооруканасына жаткырылган.

Сапарали Бөрүбаев - кыргыз-тажик чек арасын аныктоону тездетүү маселесин көтөрүп, бул иште кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатат деп сындап келаткандардын бири, Катыраң айылдык кеңештин депутаты. (TSh)

XS
SM
MD
LG