Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Бишкекте үч эм төрөлдү


13-февраль күнү Бишкектеги Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордогу төрөт үйүндө үч эм кыз төрөлдү.

Алардын апасы - 37 жаштагы шаар тургуну. Ымыркайлардын салмагы - 2,700, 2, 560 жана 2,800 кг. 

Саламаттык сактоо министрлиги кыздардын абалы жакшы экенин кабарлады. 

Кыргыз өкмөтү былтыр ноябрь айында үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берүүнү чечкен. 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген. Сүйүнчү акча бир бала үчүн 4000 сом. (TSh) 

 

XS
SM
MD
LG