Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Антарктикада аба ырайы аномалдуу жылуу болуп жатат


Антарктикада абанын температурасы тарыхта биринчи жолу 20 градустан жогору көтөрүлдү.

Рекорддук көрсөткүч 9-февралда Сеймур аралындагы станция тарабынан катталды. Окумуштуулар мындай ысыкты аномалдуу деп эсептешет. Бирок маалыматты Дүйнөлүк метеорологиялык уюм азырынча тастыктай элек. Бул тууралуу «The Guardian» гезити жазды.

1982-жылы Антарктикада абанын температурасы 19,8 градуска жеткен. Адистер жыл башынан бери жарым аралдын бир топ жери жылуу болуп жатканын байкашууда. Мисалы, 6-февралда «Эсперанса» станциясында температура 18,3 градус болгону катталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, акыркы он жылдык Антарктикада эң жылуу мезгил болду. Ал жактагы муздардын эриши океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Мындай тенденция өз кезегинде аралдарда жашаган элге коркунуч жаратууда. Ошондой эле Антарктикада дүйнөдөгү тузсуз суунун эң ири запасы же 60% сакталат.

XS
SM
MD
LG