Сербия жана Косовонун жетекчилери Белград менен Приштина ортосундагы темир жолду калыбына келтирүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту.
Кол коюу аземи Мюнхенде коопсуздук конференциясы башталардын алдында 14-февралда өттү. Ага эки өлкөнүн президенттери Александр Вучич менен Хашим Тачи, АКШнын Сербия жана Косово боюнча атайын чабарманы Ричард Гренелл катышты.
Өткөн айда тараптар 1998-99-жылкы куралдуу жаңжал күчөгөндө токтотулган коммерциялык учууларды жандандыруу тууралуу макулдашкан. Белград 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган Косовону өз провинциясы катары эсептейт. Жаңы өлкөнүн эгемендигин 100дөй мамлекет тааныган.
Дипломатиялык алакаларды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр 2018-жылы Приштина сербиялык товарларга жана кызматтарга 100 проценттик тариф киргизгенде үзгүлтүккө учураган. Бул кадам Сербия бийлигинин Косовонун көз карандысыздыгын тааныган айрым өлөлөрдү баштапкы чечимдерин өзгөрттүрүү аракетинен улам кабыл алынган.