Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Баткендеги өкмөт өкүлчүлүгү тажик генералына жооп кайтарды


Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов чек арага чектеш аймактагы элдин ынтымагына доо кетире турган билдирүү таратты деп эсептейт. Бул тууралуу Баткен облусунун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Тажикстандагы Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов өз жеринде маалымат жыйын уюштуруп, “Кыргызстандын Баткен облусу жайгашкан аймак, Тажикстанга тиешелүү”, - деген чагымчыл маанайдагы билдирүү тараткан. Буга байланыштуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Тажикстандын укук коргоо органынын жооптуу жетекчилеринин бири Навжувоновдун билдирүүсүн чек арага чектеш элдин ынтымагын бузуп, элди козутуу үчүн жасалган чагымчыл аракет деп билдирет”, - деп жазылган облус өкүлчүлүгү тараткан маалыматта.

Азырынча тажик тарап бул билдирүүгө жооп бере элек.

Кыргыз бийлиги Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени январь айында кабарлаган. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылууда.

Учурда эки мамлекеттин топографиялык топтору Баткен району менен Исфара шаарынын «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG