Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Лукашенко Беларус транзит куурлардан мунай ала баштарын эскертти


Мозырдагы мунай тазалоочу ишкана. Беларус, 4-январь, 2020-жыл
Мозырдагы мунай тазалоочу ишкана. Беларус, 4-январь, 2020-жыл

Беларус президенти Александр Лукашенко Орусия кара май менен керектүү көлөмдө камсыз кылбаса, Беларус транзит куурлардан мунай ала баштарын эскертти.

Бул тууралуу Беларустун BelTA кабар агенттиги маалымдады. Минск менен Москва мунайдын көлөмү боюнча мунаса таба албай келет. Беларус кошуна өлкөнүн арзан кара майына көз каранды.

Лукашенко 14-февралда билдиргендей, Беларустагы мунай иштетүүчү заводдор январда Орусиядан 2 миллион тонна чийки заттын ордуна 500 миң тонна гана алган. Өлкө аймагы аркылуу өткөн “Дружба” кууру Европага Орусиядан 1 миллион баррель мунай ташыйт.

Бул талаш Минск менен Москванын союздук мамлекет түптөөгө байланышкан саясий пикир келишпестиктеринин бир эле бөлүгү. Орусия кошуна өлкөнү кеңири интеграцияга көндүрүүгө аракеттенип келет.

XS
SM
MD
LG