Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

АКШ талибдер менен сүйлөшүүнү "ийгиликтүү" деп баалады


Соңку күндөрү "Талибан" кыймылы менен АКШнын тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү боло баштаганын мамлекеттик катчы Майк Помпео билдирди.

Анын айтымында, Дональд Трамп Ооганстанда ондонгон жылдардан бери уланып келаткан калабаны токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү улантууну колдоду.

13-февралда АКШнын коргоо министри Марк Эспер талиптер менен жакынкы апталарда согуштук аракеттерди токтотуу жаатында келишимге жетишилгенин айткан болчу.

Трамптын администрациясы "Талибан" менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөр тууралуу буга чейина да баяндама жасаган, бирок Ооганстандагы коога токтобой келатат.

"Талибандын" өкүлү жума күндөн тарта согуштук аракеттер азайтыларын, бирок аны биротоло токтотуу тууралуу сөз боло электигин билдирген.

АКШнын аскерлери 2001-жылдан бери Ооганстанда.

XS
SM
MD
LG