Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Ошто бутуна ок тийген спортчу президентке кайрылды


Төлөгөн Рахманберди уулу
Төлөгөн Рахманберди уулу

14-февралда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке видео кайрылуусу жарыяланды. Кайрылуу "Фейсбук" социалдык тармагында Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановго таандык экени айтылган баракча аркылуу жарыяланган. Кайрылуу «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» деген мазмунду камтыйт.

Кайрылууда Рахманберди уулу Спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу “бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз" деп коркутушканын ырастайт. Нурбек Раимбеков кылмышка шектүү катары камалгандардын бири, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси.

"Азаттык" Кылычбек Саркарбаевден, Нурбек Раимбековдун жакындарынан жана кайрылууда аты аталып жаткан Матраимовдордон азырынча комментарий ала алган жок.

Президенттик аппарат бул кайрылууга азырынча жооп кайтара элек.


Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Рахманберди уулунун президентке кайрылуусу негизсиз" деп маалымат таратты. Милиция Рахманберди уулу тергөөдө жалган көрсөтмө берип, арыз жазуудан баш тартып, ишти татаалдаштырып келген деген жүйөнү айтууда.

Басма сөз катчынын айтымында, Рахманберди уулуна карата 29-январда бир нече адамдын кол салуусу боюнча иш козголуп, териштирүү башталган, бирок Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн жана арыз жазуудан баш тарткан.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун EREM спорт клубунда машыгып келген. Мэриядан Саркарбаевди ээлеген кызматынан кетирүү боюнча иш каралаарын билдиришти.

Нурбек Раимбеков — Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун (мурдагы фамилиясы Раимбеков) бир тууган иниси. Ал буга чейин каракчылык боюнча кармалган. (DU)

XS
SM
MD
LG