Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Курулуш фирмасынын издөөдө жүргөн жетекчиси кармалды


Көк-Таш айылында курулушу токтоп калган оорукананын имараты. Декабрь, 2019-жыл.
Көк-Таш айылында курулушу токтоп калган оорукананын имараты. Декабрь, 2019-жыл.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) издөөгө алган “Некст-Строй” компаниясынын жетекчиси Тынчтыкбек Шерматов 15-февралга караган түнү Бишкек шаарында кармалды.

Кылмышка шектүүнү Финполициянын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Шерматов Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен козголгон ишке шектүү катары кармалып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

“Некст-Строй” компаниясы 2017-2018-жылдары Ала-Бука районунун эки айыл өкмөтүндө 6 объектти 73 млн. сомдон ашык суммага куруу үчүн тендерден утуп, мөөнөтү аяктаганына карабай аны бүтүрбөй жүргөн. Алардын катарында оорукана, бала бакчанын курулушу жана эс алуу багын оңдоо жумуштары бар.

Финполициянын Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча район аралык бөлүмү аталган компанияга 2019-жылы сентябрда иш козгогон жана жетекчиси Тынчтыкбек Шерматовго декабрда издөө жарыяланган.

«Некст-Строй» жоопкерчилиги чектелген коому 2016-жылы Ошто негизделген. Өлкөдөгү мамлекеттик бюджеттен каржыланып курулуп жаткан объекттердин тендерлерине байма-бай катышып келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG