Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Ухандан келген 18 студент карантинден соң үйгө чыгарылды


Карантинден чыгарылгандар. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын сүрөтү. 15-февраль.
Карантинден чыгарылгандар. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын сүрөтү. 15-февраль.

Кытайдын Ухань шаарынан келген 18 студент 14 күндүк карантинден соң үйлөрүнө чыгарылды. Баары Кыргызстандын жарандары. Алар Кытайдан 2-февралда Казакстандын Нур-Султан шаары аркылуу атайын бортто келишкенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Студенттер 14 күн коронавируска каршы карантинде болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө турушту.

Кытайда чыккан вирустан улам Кыргызстан ал жактагы жарандарын Казакстан аркылуу Бишкекке бир канча жолу ташыды. Акыркы жолу 13-февралда 40 жаранын алып келди. Баары студенттер.

Келгендер коронавируска байланыштуу текшерүүдөн өткөрүлүп, атайын жайларга карантинге алынууда.

Илдеттен улам Кыргызстан Кытай менен чек араны жаап, авиакаттамдар токтотулган.

Кыргызстан илдет чыккандан бери 200дөн ашуун жаранын Кытайдан алып келди.

Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны 63 миңден ашып, 1400гө жакын киши жашоо менен кош айтышты. Ошол эле кезде ооруну жугузган 5500 киши сакайганы кабарланууда.

Кытайдан башка дүйнөнүн 30 аймагында кеминде 565 кишиге вирус жукканы аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG