16-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде кар жаайт. Айрым учурда бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,
Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз -1...+4,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21...-26, күндүз -9...-14 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн -2...-4, күндүз 2...4 градус болот. Мезгил-мезгили менен кар жаайт.